# 73816-статья. Шарика/мушарака келишиминин жалпы жоболору

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 341-глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2026 года № 85 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 сентября 2021 года № 105 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112286)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.06.2026 [Закон КР от 8 июня 2026 года № 85 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046899) (күчүнө кире элек); 02.09.2021 [Закон КР от 2 сентября 2021 года № 105 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112286); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=54881..54892>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73816>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-73816.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 73816-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73816

---

1. Шарика/мушарака келишими - эки же андан көп тараптардын ортосунда түзүлгөн өнөктөштүк жөнүндө келишим, ал аркылуу ар бир өнөктөш тийиштүү суммадагы акчаны же бардык өнөктөштөрдүн макулдугу менен материалдык активдерди салат, бул ар бир өнөктөшкө шарика/мушарака келишимине ылайык пайданы бөлүштүрүү шартында компаниянын активдерин пайдалануу менен иш-аракет жүргүзүүгө укук берет, ал эми чыгашаларды ар бир өнөктөш бул компаниянын жалпы капиталындагы өз салымына ылайык тартат.

Шарика/мушарака келишими өнөктөштөр тарабынан биргелешип сатып алынуучу мүлккө карата да түзүлүшү мүмкүн.

2. Шарика/мушарака келишиминин катышуучулары (өнөктөштөр) өздөрүнүн алдына койгон максаттарын ишке ашыруу үчүн өз активдерин бириктирүүгө жана юридикалык жакты түзүү менен да, түзбөстөн да иш-аракет жүргүзүүгө укуктуу. Юридикалык жак түзүлгөн учурда мындай уюм оператордук функцияларга жана процесстерди башкаруу функцияларына ээ болушу мүмкүн. Өнөктөштөр оператордук функцияларды жана процесстерди башкаруу функцияларын өнөктөштөрдүн бирине жүктөөгө укуктуу. Мындай учурда юридикалык жак түзүлбөйт.

3. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында шарика/мушарака келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105, 2026-жылдын 8-июнундагы № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [73815-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73815)  
Кийинки берене: [73817-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73817)
