# 73815-статья. Эсептешүү тартиби

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 341-глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2026 года № 85 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 сентября 2021 года № 105 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112286)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.06.2026 [Закон КР от 8 июня 2026 года № 85 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046899) (күчүнө кире элек); 02.09.2021 [Закон КР от 2 сентября 2021 года № 105 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112286); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=54881..54892>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73815>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-73815.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 73815-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73815

---

1. Мурабаха келишиминин предмети үчүн банктын төлөмдөрү кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү негизде дайыма төлөнүүчү төгүмдөр менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Мурабаха келишими түзүлгөндөн кийин кардардын төлөө мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги же төлөөнүн мөөнөтү узартылгандыгы үчүн андан кошумча төлөмдү талап кылууга банктын укугу жок.

2. Банк мурабаха келишими боюнча төлөнүүгө тийиш төлөмдөрдүн эсебине аванс төгүүнү кардардан талап кылууга укуктуу.

3. Кардар бөлүп төлөө шартында сатылган мурабаха келишиминин предмети үчүн кезектеги төлөмдү белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн учурда ага үстөк төлөмдү төлөө милдети жүктөлүшү мүмкүн. Үстөк төлөмдүн өлчөмү жана аны төлөөнүн тартиби мурабаха келишиминде аныкталат.

Үстөк катары алынган сумма банктын кирешеси катары эсепке алынышы мүмкүн эмес жана аны банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайрымдуулук максаттарына багыттайт.

4. Эгерде кардар мурабаха келишими боюнча сатып алган товар үчүн кезектеги төлөмдү негизсиз кечиктирсе, кардарга төлөө мөөнөттөрү жөнүндө алдын ала билдирген шартта, банк кардардан мурабаха келишиминин предмети үчүн төлөмдү мөөнөтүнөн мурда толук төлөөнү талап кылууга укуктуу.

5. Эгерде кардар ушул берененин 4-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча мурабаха келишиминин предмети үчүн толук төлөмдү төлөө боюнча милдеттенмени бузса, банк мурабаха келишиминин предметин кайтарып берүүнү талап кылууга, зарыл болгон учурда сот тартибинде талап кылууга жана аны үчүнчү жактарга сатууну жүзөгө ашырууга укуктуу. Кардар тарабынан жарым-жартылай төлөмдүн эсебине мурда төлөнгөн сумма келишимдин предметин сатып өткөргөндөн кийин кардарга кайтарылып берилет.

(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2026-жылдын 8-июнундагы № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

§ 3. Шарика/мушарака келишими (Параграфтын аталышы КР 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [73814-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73814)  
Кийинки берене: [73816-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73816)
