# 73814-статья. Мурабаха келишиминин предметин сатуу баасы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 341-глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 октября 2025 года № 238 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам банковских правоотношений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034391)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.10.2025 [Закон КР от 28 октября 2025 года № 238 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам банковских правоотношений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034391); 02.09.2021 [Закон КР от 2 сентября 2021 года № 105 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112286); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=34310..40564>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73814>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-73814.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 73814-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73814

---

1. Кардарга мурабаха келишиминин предметин сатуу баасы товарды сатып алуу баасынын, банктын үстөк баасынын, үчүнчү тарапка төлөмдөрдүн (транспорттук чыгымдар, камсыздандыруу, милдеттүү мамлекеттик төлөмдөр жана үчүнчү жактардын пайдасына башка милдеттүү төлөмдөр) суммаларынан турат.

2. (КР 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Мурабаха келишиминин предметине үстөк баа Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарын сактоо менен төмөнкүдөй түрдө белгилениши мүмкүн:

1) туруктуу белгиленген, бир жолу төлөнүүчү сумма;

2) мурабаха келишиминин предметинин өздүк наркынын үлүшү.

4. Мурабаха келишиминин предметинин сатуу баасынын келечекте белгилүү боло турган кандайдыр бир көрсөткүчтөргө көз каранды болушун шарт кылуу менен, мурабаха келишиминин предметинин сатуу баасын күмөндүү таризде аныктоого жол берилбейт. Мурабаха келишимин түзүү учурунда сатуу баасын жана үстөк бааны кардарга мурдатан белгилүү көрсөткүчтөргө жараша аныктоого жол берилет. Үстөк баанын өлчөмү убакыттык факторлорго көз каранды болушу мүмкүн эмес.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [73813-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73813)  
Кийинки берене: [73815-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73815)
