# 73813-статья. Мурабаха келишиминин предмети боюнча жоопкерчилик

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 341-глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2026 года № 85 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.06.2026 [Закон КР от 8 июня 2026 года № 85 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046899) (күчүнө кире элек); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=54881..54892>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73813>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-73813.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 73813-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73813

---

1. Эгерде мыйзамда же мурабаха келишиминин предметин банктын атынан сатып алуу жөнүндө келишимде башкача каралбаса, мурабаха келишиминин предмети кардарга өткөрүлүп берилгенден кийин ал мурабаха келишиминин предметиндеги кандайдыр бир мүчүлүштүктөр үчүн банк жоопкерчилик тартпайт.

2. Мурабаха келишиминин колдонулушу күчүнө киргенден кийин кардар мурабаха келишиминин предметин сатып алуудан баш тарткан учурда, банктын мурабаха келишиминин предметин сатып алууга байланышкан, сатылган товардын наркы менен жабылбай калган чыгымдарын төлөө, анын ичинде кардар койгон камсыз кылуунун эсебинен төлөө милдетин кардарга жүктөө менен, банк мурабаха келишиминин предметин үчүнчү жакка сатууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2026-жылдын 8-июнундагы № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [73812-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73812)  
Кийинки берене: [73814-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73814)
