# 73812-статья. Мурабаха келишимин камсыз кылуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 341-глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2026 года № 85 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.06.2026 [Закон КР от 8 июня 2026 года № 85 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046899) (күчүнө кире элек); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=54881..54892>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73812>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-73812.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 73812-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73812

---

1. Мурабаха келишими боюнча милдеттенмелерди кардардын талаптагыдай аткаруусун камсыз кылуу максатында банк кардардан акча каражаттарын күрөөгө коюу же камсыз кылуунун башка түрү жөнүндө келишим түзүүнү талап кылууга укуктуу. Эгерде мурабаха келишиминде башкача каралбаса, күрөө катары берилген акчалай сумманы банктын инвестициялашы мүмкүн эмес.

Күрөө катары берилген акчалай сумма мурабаха келишимине ылайык, мурабаха келишиминин предметин төлөөнүн эсебине чегерилиши мүмкүн.

2. Кардар мурабаха келишими боюнча өз милдеттенмесин аткаргандан кийин банк күрөөнү кайра берүүгө милдеттүү.

3. Мурабаха келишиминин предмети кардарга өткөрүп берилгенге чейин банк мурабаха келишиминин предметин ташууда же сактоодо анын бузулушуна, жок кылынышына же жоголушуна байланышкан бардык тобокелдиктерди өзүнө алат жана мындай тобокелдиктер күрөөнүн эсебинен жабылышы мүмкүн эмес.

(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2026-жылдын 8-июнундагы № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [73811-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73811)  
Кийинки берене: [73813-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73813)
