# 73811-статья. Мурабаха келишими боюнча түзүлүүчү бүтүмдөр

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 341-глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2026 года № 85 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 сентября 2021 года № 105 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112286)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.06.2026 [Закон КР от 8 июня 2026 года № 85 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046899) (күчүнө кире элек); 02.09.2021 [Закон КР от 2 сентября 2021 года № 105 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112286); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=54881..54892>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73811>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-73811.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 73811-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73811

---

1. Эгерде агенттик келишимде башкача каралбаса, мурабаха келишими боюнча мурабаха келишиминин предметин сатып алууга карата бардык бүтүмдөр банктын атынан түзүлөт.

2. Банк мурабаха келишими боюнча төмөнкүдөй жагдайларда бүтүм түзүүгө укуксуз:

1) баалуу металлдар (алтын жана күмүш) жана чет өлкөлүк валюта менен байланышкан, мөөнөтү жылдырылган милдеттенмелер боюнча;

2) активдерди камсыз кылуу болуп дебитордук карыз эсептелген жүгүртмө капитал боюнча;

3) бүтүмдү кайра финансылоодо.

3. Эгерде кардар төлөмдү мурабаха келишиминде белгиленген мөөнөттөн кечиктирсе, банк мурабаха келишиминин предметин сатууга укуктуу.

Мурабаха келишиминин предметин саткан учурда банк кардардан алган төлөмдөрдү кардарга төлөп берет.

4. Эгерде мурабаха келишиминин предмети күрөө менен камсыз кылынса, банк карыздын ордун жабуу үчүн сотко кайрылуусуз эле күрөөнү кардардын макулдугу менен сатууга укуктуу.

5. Мурабаха келишиминин тараптарына шарика/мушарака келишимине катышууга же тараптардын биринин шарика/мушарака келишиминдеги башка тараптын катышуусун (үлүшүн) мубараха бүтүмүнүн жардамы менен накталай акчага же мөөнөтү кийинкиге жылдырылган милдеттенмелердин эсебинен сатып алуу милдеттенмеси камтылган бүтүмгө катышууга тыюу салынат.

(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105, 2026-жылдын 8-июнундагы № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [73810-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73810)  
Кийинки берене: [73812-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73812)
