# 738-статья. Коммерциялык кредит

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 34-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-738>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-738.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 738-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-738

---

1. Аткарылышы тараптардын биринин менчигине акча суммасын же түрдүк белгилери аныкталган башка буюмдарды берүү менен байланышкан келишимдерде, эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, ал тарапка же ал тараптын кредит берүүсү, анын ичинде аванс, алдын ала төлөө, товар үчүн төлөөнүн мөөнөтүн узартуу же кийинкиге калтыруу, жумуш аткаруу же кызмат көрсөтүү (коммерциялык кредит) түрүндө кредит берүү каралышы мүмкүн.

2. Эгерде тийиштүү милдеттенме келип чыккан келишим жөнүндөгү эрежелерде башкасы каралбаса жана мындай милдеттенменин маңызына карама-каршы келбесе, коммерциялык кредиттерге тийиштүү түрдө ушул главанын эрежелери колдонулат.

---

Мурунку берене: [737-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-737)  
Кийинки берене: [7381-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7381)
