# 738-24-статья. Иджара келишими боюнча жалпы жоболор

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 341-глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-738-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 738-24-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-738-24

---

1. Иджара келишими - бул ижарага берүүчүнүн кардардын табыштамасы боюнча мүлктү, же болбосо ижарачы кайрылган учурда ижарага берүүчүнүн менчигинде турган мүлктү өз менчигине сатып алуусун же болбосо ижарачыга макулдашылган мөөнөткө белгилүү бир акы төлөө негизинде жалдоого ижарага сунушталуучу, ижарачынын табыштамасы боюнча ижарага берүүчү мүлктү пайдалануу укугуна ээ кылуусун караган келишим.

Ошондой эле иджара келишиминде кызмат көрсөтүүлөрдү финансылоо каралышы мүмкүн, ага ылайык мындай укукту ижарачыга макулдашылган мөөнөткө белгилүү бир акы үчүн андан ары ижарага сунуштоо менен ижара берүүчү ижарачынын табыштамасы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугуна ээлик кылат.

2. Иджара мунтахийя биттамлик келишими - бул иджара келишиминин шарттарын камтыган келишим, ага ылайык кардар ижарага алынган мүлктү келишимдин шарттарына ылайык сатып алууга милдеттенет.

3. Эгерде тиешелүү лицензиясы бар банк иджара же иджара мунтахийя биттамлик келишиминин тарабы болсо, анда ал үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.

4. Ушул параграфтын жоболору иджара мунтахийя биттамлик келишимине карата да колдонулат.

5. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында иджара келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.

6. Ушул главанын жоболору керектөөнү каржылоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен керектөө максаттары үчүн иджара же иджара мунтахийя биттамлик келишимин түзүүгө байланыштуу келип чыккан укуктук мамилелерге карата колдонулат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [73823-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73823)  
Кийинки берене: [73826-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73826)
