# 737-статья. Товардык кредит

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 34-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-737>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-737.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 737-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-737

---

Тараптар алардын бирин түрдүк белгилери аныкталган буюмдарды экинчи тарапка беришин милдеттендирген келишимди түзүшү мүмкүн (товардык кредит келишими). Мындай келишимге карата, эгерде товардык кредит келишиминде башкасы каралбаса же милдеттенменин маңызынан башкасы келип чыкпаса, ушул главанын 2-параграфынын эрежелери колдонулат. Эгерде товардык кредит келишиминде башкасы каралбаса, берилип жаткан буюмдардын саны, ассортименти, комплекттүүлүгү, сапаты, идиши жана (же) таңгакталышы жөнүндөгү шарттар товардык соода-сатык келишиминин (428-448) эрежелерине ылайык аткарылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [7365-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7365)  
Кийинки берене: [738-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-738)
