# 7365-статья. Карыз алуучунун милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 34-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281635..1281636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7365>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-7365.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 7365-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7365

---

1. Карыз алуучунун кредиттик келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышы күрөө, кепилдөө, кепилдиктер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыкмалар аркылуу камсыз кылынышы мүмкүн.

Улуттук банк банктардын кредиттери боюнча камсыз кылууга карата минималдуу талаптарды белгилейт.

2. Карыз алуучу өзүнүн кредиттик келишимде каралган, кредиттин суммасын кайтарууну камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерин аткарбаганда, ошондой эле кредит берүүчү жооптуу болбогон жагдайлардан улам камсыз кылуу жоготулганда же анын шарттары начарлаганда, эгерде кредиттик келишимде башкача каралбаса, кредит берүүчү карыз алуучудан кредит боюнча карыздын калган суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык) §3. Товардык жана коммерциялык кредит

---

Мурунку берене: [7364-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7364)  
Кийинки берене: [737-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-737)
