# 7363-статья. Кредитти пайдалангандык үчүн проценттер жана төлөм

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 34-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 октября 2025 года № 238 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам банковских правоотношений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034391)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.10.2025 [Закон КР от 28 октября 2025 года № 238 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам банковских правоотношений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034391); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=34310..40564>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7363>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-7363.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 7363-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7363

---

1. Кредит берүүчү кредиттик келишимди түзгөнгө чейин проценттердин өлчөмү жана, эгерде кредитти пайдалангандык үчүн төлөмдү (комиссиялык сыйакыны) төлөө милдеттүүлүгү кредиттик келишимде каралса, бул төлөмдүн өлчөмү тууралуу маалымат менен ар бир карыз алуучунун таанышуусуна мүмкүндүктү камсыз кылууга милдеттүү. Проценттер жана комиссиялык сыйакы тууралуу маалымат ачык, жеткиликтүү болууга тийиш жана ыктымалдуу карыз алуучуларга кредит берүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши керек.

2. Кредит берүүчү кредиттик келишимди түзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарды эске алуу менен, ар бир конкреттүү заем алуучу менен пайыздардын, эгерде кредиттик келишимде комиссиялык сый акы төлөө милдеттүүлүгү каралса, комиссиялык сый акынын өлчөмүн, аны чегерүүнүн мезгилдүүлүгүн жана төлөө мөөнөттөрүн өз алдынча аныктайт.

Кредитти пайдалангандык үчүн проценттерди жана кредиттин негизги суммасын төлөөнүн тартиби тараптардын макулдашуусу боюнча кредиттик келишимде каралат. Кредитти пайдалангандык үчүн проценттерди кредит берилген күнү төлөөгө жол берилбейт. Проценттерди, эгерде кредиттик келишимде кредитти пайдалангандык үчүн төлөм каралса, бул төлөмдү өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн карыз алуучунун жоопкерчилиги кредиттик келишимде каралышы мүмкүн. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 , 2025-жылдын 28-октябрындагы N 238 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7362-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7362)  
Кийинки берене: [7364-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7364)
