# 7362-статья. Кредитти максаттуу пайдалануу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 34-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281635..1281636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7362>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-7362.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 7362-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7362

---

1. Эгерде кредиттик келишимде башкача каралбаса, карыз алуучу кредиттик келишим боюнча алган каражатты өз ыктыярына жараша пайдаланат.

2. Эгерде кредиттик келишим карыз алуучу алган каражатты белгилүү бир максатта пайдалануу шарты менен түзүлсө (максаттуу кредит), карыз алуучу кредиттин суммасынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо мүмкүндүгүн кредит берүүчүгө камсыз кылууга милдеттүү.

3. Эгерде карыз алуучу кредиттин суммасын максаттуу пайдалануу жөнүндө келишимдин шарттарын аткарбаса, ошондой эле ушул статьянын 2-пунктунда каралган милдеттүүлүктөр бузулганда, кредит берүүчү, эгерде кредиттик келишимде башкача каралбаса, карыз алуучудан кредит боюнча карыздын калган суммасын мөөнөтүнөн мурда төлөп берүүнү талап кылууга укуктуу.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7361-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7361)  
Кийинки берене: [7363-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7363)
