# 7361-статья. Кредит берүүдөн же алуудан баш тартуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 34-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281635..1281636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7361>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-7361.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 7361-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7361

---

1. Карыз алуучуга берилген сумма мөөнөтүндө кайра төлөнбөй тургандыгын айкын күбөлөөчү жагдайлар болгондо, кредит берүүчү карыз алуучуга келишимде каралган кредитти толугу менен берүүдөн же анын айрым бөлүгүн берүүдөн баш тартууга укуктуу.

2. Карыз алуучу өзүнүн кредиттик келишимде каралган, кредитти максаттуу пайдалануу милдеттенмесин бузган учурда, кредит берүүчү кредиттик келишим боюнча карыз алуучуга андан ары кредит берүүдөн баш тартууга, ошондой эле ушул Кодекстин 7362-статьясынын 3-пунктунда каралган чараларды көрүүгө укуктуу.

3. Карыз алуучу кредиттик келишим түзүлгөндөн кийинки жана акчалай каражаттарды алганга чейинки мезгил ичинде кредитти алуудан же лизинг боюнча мүлк үчүн төлөөнү ишке ашыруудан акысыз негизде баш тартууга укуктуу.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [736-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-736)  
Кийинки берене: [7362-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7362)
