# 734-статья. Кредиттик келишим

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 34-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 октября 2025 года № 238 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам банковских правоотношений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034391)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.10.2025 [Закон КР от 28 октября 2025 года № 238 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам банковских правоотношений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034391); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=34310..40564>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-734>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-734.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 734-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-734

---

Кредиттик келишим боюнча кредитор (банк же банктык эмес башка финансы-кредиттик уюм (мындан ары - банк) карыз алуучуга акча каражаттарын (кредитти) кредиттик келишимде каралган өлчөмдө жана шарттарда берүүгө, ал эми карыз алуучу өзү алган акчалай сумманы кайтарып берүүгө жана ал боюнча проценттерди төлөөгө милдеттенет. Керектөөчү кредиттик келишимин түзүүгө байланыштуу келип чыккан укуктук мамилелерге карата ушул параграфтын жоболору керектөөчү кредит чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [733-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-733)  
Кийинки берене: [735-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-735)
