# 733-статья. Мамлекеттик заем келишими

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 34-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281635..1281636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-733>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-733.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 733-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-733

---

1. Мамлекеттик заем келишими боюнча заем алуучу болуп Кыргыз Республикасы, ал эми заем берүүчү болуп - гражданин же юридикалык жак чыгат.

2. Мамлекеттик заем - ыктыярдуу.

3. Мамлекеттик заем келишими чыгарылган мамлекеттик облигацияларды же башка мамлекеттик баалуу кагаздарды заем берүүчүнүн сатып алуусу аркылуу түзүлөт. Мамлекеттик облигациялар же башка баалуу кагаздар заем берүүчүнүн карыз берген акча каражатын же болбосо заемдун шартына ылайык башка мүлктү, белгиленген проценттерди же башка мүлктүк укукту заемду жүгүртүүгө чыгаруунун шартында белгиленген мөөнөттө заем алуучудан алууга карата укугун күбөлөндүрөт.

4. Жүгүртүүгө чыгарылган заемдун шартын өзгөртүүгө жол берилбейт.

2-§. Кредит

(Параграф КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [732-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-732)  
Кийинки берене: [734-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-734)
