# 732-статья. Карызды заем милдеттенмесине жаңыртуу (новация)

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 34-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-732>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-732.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 732-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-732

---

1. Тараптардын макулдашуусу боюнча соода-сатыктан, мүлктү ижарага алуудан же башка негизде келип чыккан карыз заем милдеттенмесине алмашылышы мүмкүн.

2. Карызды заем милдеттенмесине алмаштыруу милдеттенмени жаңыртуу жөнүндөгү талаптардын сакталышы менен (375-cтатья) жана заем келишимин түзүү үчүн белгиленген формада (724-cтатья) жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [731-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-731)  
Кийинки берене: [733-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-733)
