# 731-статья. Максаттуу заем

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 34-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-731>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-731.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 731-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-731

---

1. Эгерде заем келишиминде башкасы каралбаса, заем берүүчү заем келишими боюнча алынган каражатты каалагандай пайдаланат.

2. Эгерде заем келишиминде заем алуучу алган каражатты белгилүү бир максатта пайдаланары айтылган болсо (максаттуу заем), анда заем алуучу заем суммасынын максатына ылайык пайдаланылышын заем берүүчүнүн контролдоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.

3. Заем алуучу келишимдин заем суммасын максаттуу пайдалануу жөнүндөгү шартын аткарбаган, ошондой эле ушул статьянын 2-пунктунда каралган милдеттенмелер бузулган учурда, эгерде келишимде башкасы каралбаса, заем берүүчү заем алуучудан заем суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү жана тийиштүү проценттерди төлөөнү талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [729-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-729)  
Кийинки берене: [732-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-732)
