# 729-статья. Заем келишимин талашуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 34-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-729>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-729.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 729-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-729

---

1. Заем алуучу акчаны же буюмду заем берүүчүдөн чындыгында албагандыгын же келишимде көрсөтүлгөндөн аз алгандыгын далилдөө менен өзүнүн акчасыздыгы боюнча заем келишимин талашууга укуктуу.

2. Заем келишими жазуу жүзүндө түзүлүшү керек болгон учурда (724-cтатья) келишим алдамчылыктын, күч көрсөтүүнүн, коркутуунун, заем алуучунун өкүлүнүн заем берүүчү менен арам ойдо макулдашуусунун негизинде түзүлгөндөн тышкары учурларда, акчасыздык боюнча күбөлөрдү тартуу менен талашууга жол берилбейт.

3. Эгерде акчасыздык боюнча заем алуучунун заем келишимин талашуусунда анын заем берүүчүдөн акчаны же башка буюмду чындыгында албагандыгы аныкталган учурда заем келишими түзүлгөн жок деп эсептелет. Акча же башка буюм заем алуучу тарабынан заем берүүчүдөн келишимде көрсөтүлгөндөн аз санда алынган учурда келишим ошол сандагы акчага жана буюмга түзүлгөн деп эсептелет.

730-cтатья. Заем алуучунун милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу

Заем келишиминде белгиленген заем суммасынын кайтарылышын камсыз кылуу боюнча милдеттерин заем алуучу аткарбаган, ошондой эле заем берүүчү жооптуу болбогон кырдаалдардан улам анын камсыз кылынышы жоготулган же анын шарттары начарлаган учурда, эгерде келишимде башкасы каралбаса, заем берүүчү заем алуучудан заем суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү жана тийиштүү проценттерди төлөөнү талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [728-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-728)  
Кийинки берене: [731-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-731)
