# 728-статья. Заем алуучунун келишимди бузгандыгынын натыйжасы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 34-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-728>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-728.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 728-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-728

---

1. Эгерде мыйзамда же заем келишиминде башкасы каралбаса, заем алуучу заем суммасын өз мөөнөтүндө кайтарбаган учурда ушул Кодекстин 725-статьясынын 1-пунктунда каралган проценттер төлөнгөндүгүнө карабастан заем суммасы кайтарылууга тийиш болгон учурдан тартып ал кайтарып берилгенге чейин ушул Кодекстин 360-статьясынын 1-пунктунда каралган проценттер төлөнүүгө тийиш.

2. Эгерде заем келишиминде заемду бөлүп-бөлүп (мөөнөтүн узартып) кайтаруу белгиленген болсо, анда заем алуучу заемду кайтаруунун кезектеги мөөнөтүн бузган учурда заем берүүчү төлөнүүгө тийиш болгон проценттери менен кошо бардык заем суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарууну талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [727-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-727)  
Кийинки берене: [729-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-729)
