# 727-статья. Заем алуучунун заем суммасын кайтарып берүү милдети

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 34-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487); 30.05.2013 [Закон КР от 30 мая 2013 года № 85 "О внесении изменений и дополнения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203893)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281635..1281636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-727>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-727.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 727-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-727

---

1. Заем алуучу алынган сумманы заем берүүчүгө заем келишиминде аныкталган тартипте жана мөөнөттө кайтарып берүүгө милдеттүү. Кайтаруу мөөнөтү келишимде аныкталбаган же талап кылынган убакыты менен аныкталган учурда, эгерде заем келишиминде башкасы каралбаса, заем суммасы заем алуучу тарабынан заем берүүчү кайтарып берүүнү талап кылган учурдан тартып бир айдын ичинде кайтарып берилүүгө милдеттүү.

2. Эгерде заем келишиминде башкача каралбаса, пайызсыз заемдун суммасы заем алуучу тарабынан мөөнөтүнөн мурда кайтарылып бериши мүмкүн.

Жеке жана юридикалык жактарга процентти кошо алганда төлөм үчүн берилген заемдун суммасы, финансы рыногунун кесипкөй катышуучуларын кошпогондо, бул тууралуу мындай кайтарып берүү күнүнө чейин отуз күндөн кем эмес мурда заем берүүчүгө кабарландырылган шартта жеке жана юридикалык жактар тарабынан мөөнөтүнөн мурда толугу менен же бөлүп-бөлүп кайтарылып берилиши мүмкүн. Заем келишиминде заемчунун акчалай каражаттарды мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүү ниети жөнүндө заем берүүчүгө кабарлоосунун бир топ кыска мөөнөтү белгилениши мүмкүн. Процентти кошо алганда төлөм үчүн берилген заемдун суммасы, башка учурларда заем берүүчүнүн макулдугу менен мөөнөтүнөн мурда кайтарылып берилиши мүмкүн.

3. Эгерде заем келишиминде башкасы каралбаса, анда заем суммасы заем берүүчүгө өткөрүп берилген же тийиштүү каражаттар анын банктагы эсеп-кысабына чегерилген учурдан тартып кайтарып берилди деп эсептелинет.

(КР 2013-жылдын 30-майындагы №85, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [726-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-726)  
Кийинки берене: [728-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-728)
