# 725-статья. Заем келишиминин формасы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 34-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2013 года № 162 "О внесении дополнений и изменения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203971)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.07.2013 [Закон КР от 24 июля 2013 года № 162 "О внесении дополнений и изменения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203971); 19.03.2008 [Закон КР от 19 марта 2008 года № 24 "О внесении изменений в гражданский кодекс КР"](https://aqlex.ai/kg/doc/202234)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281628..1281629>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-725>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-725.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 725-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-725

---

1. Заем келишими, эгерде анын суммасы эсептик көрсөткүчтөн он эседен кем эмес ашса, ал эми келишимде тараптардын бири юридикалык жак болгон учурларда - суммасына карабастан, жазуу жүзүндө түзүлөт.

2. Заем келишимин жазуу жүзүндө түзүлбөгөндүгү ушул Кодекстин 178-статьясында каралган натыйжаларга алып келет.

3. Заем алуучунун ага заем берүүчү белгилүү бир суммадагы акча же белгилүү сандагы буюмдарды бергендигин күбөлөндүргөн тилкаты же башка документи болгон учурда заем келишими жазуу жүзүндө түзүлдү деп таанылат.

4. Эгерде сумма эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эседен ашса, заем келишими нотариаттык түрдө түзүлүүгө тийиш.

5. Заем келишиминин нотариаттык түрүн сактабагандык анын анык эместигине алып келет. Кредит берүүчү ал боюнча нотариаттык түр сакталбаган заем келишими боюнча пайыздарды төлөөнү талап кылууга укуксуз.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-мартындагы № 24, 2013-жылдын 24-июлундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [724-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-724)  
Кийинки берене: [726-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-726)
