# 724-статья. Заем келишими

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 34-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 127 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам венчурного финансирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2026 [Закон КР от 28 июля 2026 года № 127 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам венчурного финансирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 22.04.2024 [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823); 19.03.2024 [Закон Кыргызской Республики от 19 марта 2024 года № 71 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О финансовой аренде (лизинге)", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230003165); 02.09.2021 [Закон КР от 2 сентября 2021 года № 105 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112286)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=56430..57490>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-724>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-724.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 724-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-724

---

1. Заем келишими боюнча бир тарап (заем берүүчү) экинчи тарапка (заем алуучуга ) акча же түрдүк белгилери аныкталган буюмду берет, ал эми заем алуучу ошол эле суммадагы акчаны (заем суммасын) же ошондой эле түрдөгү жана сапаттагы буюмдарды кайтарып берүүгө милдеттенет.

2. Заем келишими акчаны же буюмду берген учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет.

3. Акчалай формадагы заемдорду берүү боюнча иш төмөнкү шарттардын бирине шайкеш келгенде кесиптик болуп таанылат:

- адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө заемдорду берүү боюнча сунуштардын жарнамасы (ачык оферта);

- бир ай (отуз күн) ичинде үзгүлтүксүз негизде (эки же андан көп жолу) заемдорду берүү;

- заемдорду берүү юридикалык жактын/жеке ишкердин, жеке жактын ишинин негизги же жалгыз түрү болуп саналат.

4. Заемдорду берүү боюнча төмөнкүлөр кесиптик иш болуп саналбайт:

- жеке жак тарабынан жеке жакка пайызсыз заем берүү;

- иш берүүчү тарабынан кызматкерге заемдорду берүү;

- акча каражаттарын төлөмдүүлүк, мөөнөттүүлүк жана кайтарымдуулук шарттарында берүү боюнча кесиптик ишти жүзөгө ашыруучу коммерциялык уюмдун уюштуруучулары (катышуучулары) же аффилирленген жактары болуп саналган жеке адамдарга заемдорду берүү;

- баалуу кагаздардын соода-сатык бүтүмдөрүн жасоо үчүн брокер тарабынан кардарга заемдорду берүү;

- конвертациялануучу заемдорду берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын венчурдук мыйзамдарынын алкагында иш жүргүзүү;

- мыйзамда каралган башка учурлар.

5. Ушул статьянын 3-пунктунда каралган шарттарга туура келген жактардын иши Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык коммерциялык юридикалык жактын статусундагы экономикалык иштин салыктык каттоосунан милдеттүү тартипте өткөрүлүүгө тийиш жана кредиттерди берүү түрүндө ушул главанын 2-параграфынын жоболору жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары менен жөнгө салынат.

6. Акча каражаттарын кард келишими боюнча заемго берүү боюнча ишке ушул статьянын ченемдери колдонулат.

(КР 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105, 2024-жылдын 19-мартындагы № 71, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [723-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-723)  
Кийинки берене: [725-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-725)
