# 721-статья. Экспедиторго берилүүчү документтер жана башка маалыматтар

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 33-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-721>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-721.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 721-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-721

---

1. Кардар экспедиторго жүктүн касиеттери, аны ташуунун шарттары жөнүндө документтерди жана башка маалыматты, ошондой эле экспедитор транспорт экспедициясынын келишиминде каралган милдеттерди аткарышы үчүн зарыл болгон башка маалыматты берүүгө милдеттүү.

2. Экспедитор алынган маалыматтын табылган кемчиликтери жөнүндө кардарга билдирүүгө, ал эми маалымат толук болбосо зарыл болгон кошумча маалыматтарды кардардан сурап алууга милдеттүү.

3. Кардар зарыл маалыматты бербей койгон учурда мындай маалымат берилгенге чейин экспедитор тиешелүү милдеттерди аткарууга киришпөөгө укуктуу.

4. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү боюнча милдеттер бузулушуна байланыштуу экспедиторго келтирилген зыян үчүн кардар жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [720-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-720)  
Кийинки берене: [722-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-722)
