# 718-статья. Транспорт экспедициясынын келишими

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 33-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-718>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-718.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 718-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-718

---

1. Транспорт экспедициясынын келишими боюнча экспедитор кардардын - жүк жөнөтүүчүнүн же жүк алуучунун сыйлык акысы үчүн же анын эсебинен келишимде аныкталган, жүк ташуу менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга же аткарууну уюштурууга милдеттенет.

Транспорт экспедициясынын келишиминде экспедитордун жүктү транспорт менен жана экспедитор же кардар тандаган маршрут боюнча ташууну уюштурууга милдети, экспедитордун жүк ташуу келишимин (келишимдерин) кардардын атынан же өзүнүн атынан түзүүгө, жүктү жөнөтүүнү жана кабыл алууну камсыз кылуу милдети, ошондой эле ташуу менен байланышкан башка милдеттери каралышы мүмкүн. Кошумча кызмат көрсөтүү катарында транспорт экспедициясынын келишиминде жүктү жеткирүү үчүн зарыл болгон экспорт же импорт үчүн талап кылынган документтерди алуу, бажылык жана башка иш-чараларды аткаруу, жүктүн санын жана сапатын текшерүү, аны жүктөө жана түшүрүү, пошлиналарды, жыйымдарды жана кардарга жүктөлүүчү башка чыгымдарды төлөө, жүктү сактоо, аны барган жеринде кабыл алуу сыяктуу операцияларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле келишимде каралган башка операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу каралышы мүмкүн.

2. Ушул главанын эрежелери келишимге ылайык экспедитордун милдетин ташуучу аткарган учурларга да жайылтылат.

3. Эгерде транспорт-экспедиция иши жөнүндө мыйзамда башкача белгиленбесе, транспорт экспедициясынын келишимин аткаруу шарттары тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [717-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-717)  
Кийинки берене: [719-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-719)
