# 715-статья. Ташууларды уюштуруу жөнүндө келишимдер

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 32-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-715>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-715.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 715-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-715

---

Ташууларды дайыма жүзөгө ашыруу зарылчылыгы келип чыкканда ташуучу менен жүк ээси ташууларды уюштуруу жөнүндө узак мөөнөттүү келишимдерди түзө алышат. Жүктөрдү ташууну уюштуруу жөнүндө келишим боюнча ташуучу шартташкан көлөмдөгү жүктөрдү белгиленген мөөнөттө кабыл алууга, ал эми жүк ээси ташууга берүүгө милдеттенет. Жүктөрдү ташууну уюштуруу жөнүндө келишимде транспорт каражаттарын берүүнүн жана ташууга жүктөрдү көрсөтүүнүн көлөмү, мөөнөтү жана башка шарттары, эсептешүүнүн тартиби, ошондой эле ташууну уюштуруунун башка шарттары аныкталат.

---

Мурунку берене: [714-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-714)  
Кийинки берене: [716-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-716)
