713-статья. Жүктү же багажды жоготкондугу, ал кемип калгандыгы жана зыянга учурагандыгы (бузулгандыгы) үчүн ташуучунун жоопкерчилиги
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 32-Глава
1. Эгерде ташуучу жүктүн жоголушу, кемип калышы же зыянга учурашы ал четтете албаган же четтетүү ага байланышпаган кырдаалдардан улам болгондугун далилдебесе, ташуучу жүктү ташууга кабыл алган учурдан тартып жүк алуучуга, ал ыйгарым укук берген жакка же багажды кабыл алууга ыйгарым укуктуу жакка бергенге чейин жүктүн же багаждын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
2. Жүктү же багажды ташууда келтирилген зыяндын ордун ташуучу төмөнкүдөй өлчөмдө толтурат:
жүк же багаж жоголгон же кемип калган учурда - жоголгон же кемип калган жүктүн же багаждын өлчөмүндө; жүк же багаж зыянга учураганда - анын наркы төмөндөгөн сумманын өлчөмүндө, ал эми бузулган жүктү же багажды кайрадан калыбына келтирүү мүмкүн болбосо - анын наркынын өлчөмүндө; баалуулугу жарыялануу менен ташууга тапшырылган жүк же багаж жоголгон же кемип калган учурда - жүктүн же багаждын жарыяланган наркынын өлчөмүндө. Жүктүн же багаждын наркы сатуучунун эсебинде көрсөтүлгөн же келишимде каралган анын баасына таянуу менен, ал эми эсеп жок болсо же келишимде баа көрсөтүлбөсө - салыштырмалуу кырдаалдарда демейде ушундай товарлар үчүн алынган баага таянуу менен аныкталат.
3. Эгерде жоголгон, кемиген, бузулган же зыянга учураган жүктү же багажды ташуу үчүн өндүрүлгөн ташуу акысы жүктүн наркына кирбесе, ташуучу ушул акыны жүктүн жоголушу, кемип калышы, бузулушу же зыянга учурашы менен байланышкан белгиленген зыяндын ордун толтуруу менен катар жүк жөнөтүүчүгө (алуучуга) кайра кайтарат.
4. Жүк же багаж сакталбай калышынын себептери жөнүндө ташуучу бир тараптуу тартипте түзгөн документтер (коммерциялык акт, жалпы формадагы акт жана башкалар) жүктү же багажды ташуучунун, жөнөтүүчүнүн же алуучунун жоопкерчилиги үчүн негиз боло турган кырдаалды күбөлөгөн башка документтер менен катар бааланууга тийиш.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
713-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-713" title="713-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>