# 712-статья. Жүргүнчүнү жөнөтүүнү кармагандыгы үчүн ташуучунун жоопкерчилиги

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 32-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-712>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-712.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 712-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-712

---

1. Шаар ичинде жана шаар четинде каттаган ташууларды кошпогондо, эгерде ташуучу ташууларды кармагандыгы же кечиктириши арылууга мүмкүн болбогон күчтөн, транспорт каражатынын жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген бузуктарын оңдоодон жана ташуучуга байланышпаган башка кырдаалдардан улам болгондугун далилдебесе, жүргүнчүнү ташыган транспорт каражатын жиберүүнү кармагандыгы же мындай транспорт баруучу жерине жетүүдөн кечиккендиги үчүн ташуучу тиешелүү транспорт уставында жана кодексинде белгиленген өлчөмдө айып акы төлөйт.

2. Транспорт каражатын жиберүү кармалгандыгынан улам ташуудан жүргүнчү баш тарткан учурда ташуучу жүргүнчүгө ташуу акысын кайра кайтарууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [711-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-711)  
Кийинки берене: [713-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-713)
