# 711-статья. Транспорт каражаттарын бербегендиги үчүн ташуучунун жана берилген транспорт каражаттарын пайдаланбагандыгы үчүн жөнөтүүчүнүн жоопкерчилиги

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 32-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-711>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-711.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 711-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-711

---

1. Ташуучу кабыл алынган арызга (заказга) же башка келишимге ылайык жүктү ташууга транспорт каражаттарын бербегендиги үчүн, ал эми жөнөтүүчү жүктү көрсөтпөгөндүгү же берилген транспорт каражаттарын башка себептерден улам пайдаланбагандыгы үчүн транспорт уставдарында жана кодекстеринде, ошондой эле тараптардын макулдашуусунда белгиленген жоопкерчиликти тартат.

2. Эгерде:

арылууга мүмкүн болбогон күчтөн, ошондой эле табыгый мүнөздөгү көрүнүштөн (өрттөн, көчкүдөн, суу каптап кетүүдөн) жана аскер аракеттеринен; транспорт уставдарында же кодекстеринде каралган тартипте белгиленген айрым багыттарда жүк ташууну токтотуудан же чектөөдөн; транспорт уставдарында же кодекстеринде каралган башка учурлардан, - улам транспорт каражаттары берилбей же берилген транспорт каражаты пайдаланылбай калган учурларда жүк ташуучу жана жөнөтүүчү жоопкерчиликтен бошотулат.

---

Мурунку берене: [710-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-710)  
Кийинки берене: [712-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-712)
