711-статья. Транспорт каражаттарын бербегендиги үчүн ташуучунун жана берилген транспорт каражаттарын пайдаланбагандыгы үчүн жөнөтүүчүнүн жоопкерчилиги
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 32-Глава
1. Ташуучу кабыл алынган арызга (заказга) же башка келишимге ылайык жүктү ташууга транспорт каражаттарын бербегендиги үчүн, ал эми жөнөтүүчү жүктү көрсөтпөгөндүгү же берилген транспорт каражаттарын башка себептерден улам пайдаланбагандыгы үчүн транспорт уставдарында жана кодекстеринде, ошондой эле тараптардын макулдашуусунда белгиленген жоопкерчиликти тартат.
2. Эгерде:
арылууга мүмкүн болбогон күчтөн, ошондой эле табыгый мүнөздөгү көрүнүштөн (өрттөн, көчкүдөн, суу каптап кетүүдөн) жана аскер аракеттеринен; транспорт уставдарында же кодекстеринде каралган тартипте белгиленген айрым багыттарда жүк ташууну токтотуудан же чектөөдөн; транспорт уставдарында же кодекстеринде каралган башка учурлардан, - улам транспорт каражаттары берилбей же берилген транспорт каражаты пайдаланылбай калган учурларда жүк ташуучу жана жөнөтүүчү жоопкерчиликтен бошотулат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
711-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-711" title="711-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>