# 710-статья. Ташуудан келип чыккан милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 32-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-710>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-710.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 710-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-710

---

1. Ташуудан келип чыккан милдеттенмени аткарбаган же ойдогудай эмес аткарган учурда тараптар ушул Кодексте, транспорт уставдарында жана кодекстеринде, ошондой эле тараптардын макулдашуусунда белгиленген жоопкерчиликти тартат.

2. Мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти чектөө же жоюу жөнүндө транспорт уюмдарынын жүргүнчүлөр жана жүк ээлери менен макулдашуусу жараксыз, буга мындай макулдашуу мүмкүнчүлүгү жүк ташууда транспорт уставдарында жана кодекстеринде каралган учурлар кирбейт.

---

Мурунку берене: [709-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-709)  
Кийинки берене: [711-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-711)
