# 706-статья. Жалпы пайдалануудагы транспорт менен ташуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 32-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-706>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-706.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 706-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-706

---

1. Эгерде мыйзамдан, башка ченемдик укуктук актылардан же коммерциялык уюмга берилген уруксаттан (лицензиядан) ушул уюм ар кандай граждандын же юридикалык жактын кайрылуусу боюнча жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана багажды ташууга милдеттүү экендиги келип чыкса, мындай уюм ташууну жүзөгө ашырышы жалпы пайдалануудагы транспорт менен ташуу деп табылат.

2. Жалпы пайдалануудагы транспорт менен ташуу келишими ачык келишим (386-статья) болуп саналат.

---

Мурунку берене: [705-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-705)  
Кийинки берене: [707-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-707)
