# 701-статья. Ташуу жөнүндө жалпы жоболор

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 32-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-701>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-701.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 701-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-701

---

1. Жүктөр, жүргүнчүлөр жана багаж ташуу келишиминин негизинде ташылат.

2. Ташуунун жалпы шарттары транспорт уставдары жана кодекстери, башка мыйзамдар жана аларга ылайык чыгарылуучу эрежелер менен аныкталат.

Эгерде ушул Кодексте, транспорт уставдарында жана кодекстеринде, башка мыйзамдарда жана аларга ылайык чыгарылуучу эрежелерде башкача каралбаса, жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуунун шарттары, ошондой эле ушул ташуулар боюнча тараптардын жоопкерчилиги тараптардын макулдушуусу менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [700-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-700)  
Кийинки берене: [702-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-702)
