# 687-статья. Иштин натыйжасына тараптардын укугу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-687>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-687.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 687-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-687

---

1. Илим-изилдөө иштерин, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди аткарууга келишиминдеги тараптар иштердин натыйжасын, анын ичинде укуктук коргоонун предмети болуп саналган натыйжаларды келишимде каралган өлчөмдө жана шарттарда пайдаланууга укуктуу.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, буюртмачы өзүнө подрядчы (аткаруучу) тарабынан берилген иштердин натыйжасын, анын ичинде укуктук коргоонун предмети болуп саналган натыйжаларды пайдаланууга укуктуу, ал эми подрядчы (аткаруучу) өзү алган иштин натыйжасын өз муктаждыктары үчүн пайдаланууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [686-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-686)  
Кийинки берене: [688-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-688)
