# 686-статья. Келишимдин предметин түзгөн маалыматтардын купуялыгы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-686>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-686.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 686-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-686

---

1. Эгерде илим-изилдөө иштерин, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди аткарууга келишимде башкача каралбаса, тараптар келишимдин предметине, аны аткаруунун жүрүшүнө жана алынган натыйжага тиешелүү маалыматтардын купуялыгын камсыз кылууга милдеттүү. Купуялуу болуп табылган маалыматтардын көлөмү келишимде аныкталат.

2. Ар бир тарап ишти аткарууда алынган, купуялуу болуп табылган маалыматтарды экинчи тараптын макулдугу менен гана жарыялоого милдеттенет.

---

Мурунку берене: [685-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-685)  
Кийинки берене: [687-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-687)
