# 685-статья. Иштерди аткаруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-685>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-685.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 685-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-685

---

1. Подрядчы (аткаруучу) илимий изилдөөлөрдү жеке жүргүзүүгө милдеттүү. Эгерде келишимде башкача каралбаса, ал илим-изилдөө иштерин аткарууга келишимди аткарууга үчүнчү жактарды буюртмачынын макулдугу менен гана тартууга укуктуу.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, подрядчы (аткаруучу) тажрыйба-конструктордук же технологиялык иштерди аткарууда ага үчүнчү жактарды тартууга укуктуу. Подрядчынын (аткаруучунун) үчүнчү жактар менен мамилелерине башкы подрядчы жана субподрядчы жөнүндөгү эрежелер (626-статья) колдонулат.

---

Мурунку берене: [684-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-684)  
Кийинки берене: [686-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-686)
