# 680-статья. Буюртмачынын милдеттери

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-680>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-680.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 680-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-680

---

Эгерде келишимде башкача каралбаса, долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткарууга подряд келишими боюнча буюртмачы: белгиленген бааны подрядчыга бардык иштер аяктагандан кийин толугу менен төлөөгө же аны иштин айрым этаптары аяктагандан кийин бөлүк-бөлүгү менен төлөөгө; подрядчыдан алган долбоорлоо-смета документтерин келишимде каралган максаттарда гана пайдаланууга долбоорлоо-смета документтерин үчүнчү жактарга бербөөгө жана анда камтылган маалыматтарды подрядчынын макулдугусуз жарыя кылбоого; келишимде каралган көлөмдө жана шарттарда долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткарууда подрядчыга көмөк көрсөтүүгө; даяр долбоорлоо-смета документтерин тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашууга подрядчы менен бирдикте катышууга; подрядчыга байланыштуу болбогон кырдаалдан улам долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткаруу үчүн баштапкы маалыматтар өзгөрүшүнөн келип чыккан кошумча чыгымдардын ордун подрядчыга толтуруп берүүгө; түзүлгөн долбоорлоо-смета документтеринин же аткарылган иликтөө иштеринин кемчиликтерине байланыштуу үчүнчү жак буюртмачыга койгон доо боюнча ишке катышууга подрядчыны тартууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [679-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-679)  
Кийинки берене: [681-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-681)
