# 679-статья. Долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткаруу үчүн баштапкы маалыматтар

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-679>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-679.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 679-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-679

---

1. Долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткарууга подряд келишими боюнча буюртмачы подрядчыга долбоорлоого имаратты, ошондой эле долбоорлоо-смета документтерин түзүү үчүн зарыл болгон баштапкы маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Долбоорлоо иштерин аткарууга тапшырманы буюртмачынын тапшыруусу боюнча подрядчы даярдашы мүмкүн. Мындай учурда буюртмачы тапшырманы бекиткен учурдан тартып эки тарап тең аны аткарууга милдеттүү болуп саналат.

2. Подрядчы долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткаруу үчүн тапшырмада жана башка баштапкы маалыматтарда камтылган талаптарды сактоого милдеттүү жана буюртмачынын макулдугу менен гана алардан четтөөгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [678-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-678)  
Кийинки берене: [680-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-680)
