# 676-статья. Курулуш подрядынын келишиминде сапаттын гарантияланышы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-676>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-676.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 676-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-676

---

1. Эгерде курулуш подрядынын келишиминде башкача каралбаса, подрядчы курулуш объектиси долбоорлоо-смета документтеринде белгиленген көрсөткүчтөргө жете тургандыгын жана гарантия мөөнөтүнүн ичинде объектти курулуш подрядынын келишимине ылайык пайдалануу мүмкүнчүлүгүн гарантиялайт. Эгерде мыйзамда башка гарантия мөөнөтү каралбаса, гарантия мөөнөтү объектти буюртмачы кабыл алган күндөн тартып он жылды түзөт. Ушул Кодексте же башка мыйзамда белгиленген гарантия мөөнөтү тараптардын макулдашуусу менен көбөйтүлүшү мүмкүн.

2. Эгерде подрядчы гарантия мөөнөтүнүн ичинде табылган кемчиликтер (каталыктар) объекттин же анын бөлүктөрүнүн ойдогудай иштешинен, аны туура эмес пайдалануудан же аны пайдалануу жагынан буюртмачы өзү же ал тарткан үчүнчү жак иштеп чыккан нускоонун туура эместигинен, объектти буюртмачынын өзү же ал тарткан үчүнчү жак туура эмес оңдошунан улам келип чыккандыгын далилдесе, подрядчы ушул кемчиликтер үчүн жооп бербейт.

3. Гарантия мөөнөтүнүн өтүшү подрядчы жооп бере турган кемчиликтин айынан объект пайдаланылбаган убакытка токтотулат.

4. Гарантия мөөнөтүнүн ичинде ушул Кодекстин 674-статьясынын 1-пуктунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди тапкан учурда буюртмачы аларды тапкан учурдан тартып акылга сыярлык мөөнөттө алар жөнүндө подрядчыга билдирүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [675-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-675)  
Кийинки берене: [677-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-677)
