# 675-статья. Иштин сапаты үчүн подрядчынын жоопкерчилиги

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2014 года № 49 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205271)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281630..1281631>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-675>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-675.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 675-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-675

---

1. Долбоорлоо-смета документтеринде жана тараптар аткарууга курулуш жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптардан четтөөгө жол берилгендиги үчүн, ошондой эле курулуш объектисинин долбоорлоо-смета документтеринде көрсөтүлгөн, анын ичинде ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу сыяктуу көрсөткүчтөрүнө жетише албагандыгы үчүн подрядчы буюртмачынын алдында жоопкерчилик тартат.

Имаратты же курулушту реконструкциялоодо (жаңылоодо, кайра курууда, реставрациялоодо ж.б.) подрядчыга имараттын, курулуштун же анын бөлүгүнүн бекемдигин, туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн төмөндөткөндүгү же жоготкондугу үчүн жоопкерчилик жүктөлөт.

2. Эгерде подрядчы буюртмачынын макулдугусуз долбоорлоо-смета документтеринен майдабарат четтөөгө жол бергендиги курулуш объектисинин сапатына таасир этпегендигин далилдесе, ал четтөө үчүн жоопкерчилик тартпайт.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [674-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-674)  
Кийинки берене: [676-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-676)
