# 672-статья. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана курулуш иштеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча подрядчынын милдеттери

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-672>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-672.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 672-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-672

---

1. Курулушту жана аны менен байланышкан иштерди жүзөгө ашырууда подрядчы курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө жана курулуш иштеринин коопсуздугу жөнүндө мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоого милдеттүү.

Подрядчы көрсөтүлгөн талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Эгерде иштерди жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө буюртмачы берген материалдарды жана жабдууну пайдалануу же анын көрсөтмөлөрүн аткаруу курчап турган чөйрөнү коргоо жана курулуш иштеринин коопсуздугу жагынан тараптар үчүн милдеттүү болгон талаптардын бузулушуна алып келиши мүмкүн болсо, подрядчы аларды пайдаланууга жана аткарууга укуксуз.

---

Мурунку берене: [671-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-671)  
Кийинки берене: [673-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-673)
