# 670-статья. Курулуш подрядынын келишими боюнча иштердин аткарылышына буюртмачынын контролдугу жана көзөмөлү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-670>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-670.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 670-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-670

---

1. Буюртмачы аткарылып жаткан иштердин жүрүшүнө жана сапатына, аларды аткаруу мөөнөтүнүн (графигинин) сакталышына, подрядчы берген материалдардын сапатына, ошондой эле подрядчы буюртмачынын материалдарын туура пайдаланышына контролдук кылууга жана көзөмөл жүргүзүүгө укуктуу, мында подрядчынын оперативдүү-чарбалык ишине кийлигишпейт.

2. Иштердин аткарылышына контролдук кылууда жана көзөмөл жүргүзүүдө иштин сапатын начарлатышы мүмкүн болгон курулуш подрядынын келишиминин шарттарынан четтөөлөрдү же алардын башка кемчиликтерин тапкан буюртмачы ушул жөнүндө тез арада подрядчыга билдирүүгө милдеттүү. Мындай билдирүү жасабаган буюртмачы өзү тапкан кемчиликтерге андан ары таянуу укугунан ажырайт.

3. Эгерде курулуштун жүрүшүндө буюртмачыдан алынган көрсөтмөлөр курулуш подрядынын келишиминин шарттарына карама-каршы келбесе жана подрядчынын оперативдүү-чарбалык ишине кийлигишүүнү билдирбесе, подрядчы мындай көрсөтмөлөрдү аткарууга милдеттүү.

4. Ишти ойдогудай аткарбаган подрядчы алардын аткарылышына буюртмачы контролдукту жана көзөмөлдү жүзөгө ашырган жок деп шылтоого укуксуз, буга мындай контролдукту жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу милдети мыйзам тарабынан буюртмачыга жүктөлгөн учурлар кирбейт.

---

Мурунку берене: [669-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-669)  
Кийинки берене: [671-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-671)
