# 669-статья. Курулуш подрядынын келишими боюнча буюртмачынын кошумча милдеттери

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-669>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-669.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 669-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-669

---

1. Буюртмачы курулуш үчүн жер участкасын өз учурунда берүүгө милдеттүү. Берилген жер участкасынын аянты жана абалы курулуш подрядынын келишиминде камтылган шарттарга төп келүүгө, ал эми мындай шарт жок болсо иштердин өз учурунда башталышын, аларды ойдогудай жүргүзүүнү жана мөөнөтүндө аяктоону камсыз кылууга тийиш.

2. Буюртмачы курулуш подрядынын келишиминде каралган учурларда жана тартипте иштерди жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон имараттар менен курулуштарды подрядчынын пайдалануусуна берүүгө, анын дарегине жүктөрдү жеткирүүнү, энергия менен жабдууну, суу жана буу проводдорун өткөрүүнү камсыз кылууга жана башка кызматтарды көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Буюртмачы ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн кызматтарды бергендиги үчүн акы курулуш подрядынын келишиминде каралган учурларда жана шарттарда төлөнөт.

---

Мурунку берене: [668-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-668)  
Кийинки берене: [670-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-670)
