# 664-статья. Курулуш объектисин камсыздандыруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-664>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-664.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 664-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-664

---

1. Курулуш подрядынын келишиминде курулуш объекти, материал, жабдуу жана курууда пайдаланылуучу башка мүлк капысынан иштен чыгышынын же капысынан бузулушунун тобокелдиги же курулушту жүзөгө ашырууда башка жактарга келтирген зыяны үчүн жоопкерчилик мойнунда болгон тараптын тиешелүү тобокелдикти камсыздандыруу милдети каралышы мүмкүн.

Камсыздандыруу боюнча милдет жүктөлгөн тарап курулуш подрядынын келишиминде каралган шарттарда ал камсыздандыруу келишимин түзгөндүгүнүн далилин, анын ичинде камсыздандыруучу, камсыздандыруу суммасынын өлчөмү жана камсыздандырылган тобокелдиктер жөнүндө маалыматтарды экинчи тарапка берүүгө тийиш.

2. Камсыздандыруу тиешелүү тарапты камсыздандыруу учуру келишин четтетүү үчүн зарыл чараларды көрүү милдетинен бошотпойт.

---

Мурунку берене: [663-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-663)  
Кийинки берене: [665-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-665)
