# 663-статья. Тобокелдикти тараптардын ортосунда бөлүштүрүү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-663>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-663.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 663-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-663

---

1. Курулуш подрядынын келишиминин предметин түзгөн курулуш объектисинин капысынан иштен чыгышынын же капысынан бузулушунун тобокелдигин объектти буюртмачы кабыл алганга чейин подрядчы тартат.

2. Эгерде объект буюртмачы берген материалдын (тетиктин, конструкциянын) же жабдуунун сапатсыздыгынын же буюртмачынын ката көрсөтмөлөрүн аткаруунун айынан аны буюртмачы кабыл алганга чейин иштен чыкса же бузулса, подрядчы ушул Кодекстин 636-статьясындагы 1-пунктта каралган милдеттерди аткарган шартта ал сметада каралган иштин бүткүл наркын төлөөнү талап кыла алат.

---

Мурунку берене: [662-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-662)  
Кийинки берене: [664-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-664)
