# 662-статья. Курулуш подрядынын келишими

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-662>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-662.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 662-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-662

---

1. Курулуш подрядынын келишими боюнча подрядчы келишимде белгиленген мөөнөттө айрым объектти курууга же башка курулуш иштерин аткарууга милдеттенет, ал эми буюртмачы подрядчыга ишти аткаруу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, алардын натыйжасын кабыл алууга жана шартташкан бааны төлөөгө милдеттенет.

2. Курулуш подрядынын келишими ишкананы, имаратты (анын ичинде турак үйдү), курулуштарды же башка объекттерди курууга же реконструкциялоого, ошондой эле курулуп жаткан объект менен ажыралгыс байланышкан монтаждоо, ишке киргизип-жөнгө салуу жана башка иштерин аткарууга түзүлөт. Эгерде келишимде башкача каралбаса, курулуш подрядынын келишими жөнүндөгү эрежелер имараттарды жана курулуштарды баштан аяк оңдоо боюнча иштерге карата да колдонулат.

Келишимде каралган учурларда подрядчы объектти буюртмачы кабыл алгандан кийин аны келишимде каралган мөөнөттүн ичинде пайдаланууну камсыз кылат.

3. Курулуш подрядынын келишими боюнча граждандын (буюртмачынын) турмуш-тиричилик же башка жекече муктаждыктарын канааттандыруу үчүн иштер аткарылган учурда мындай келишимге карата тиешелүү түрдө ушул главанын 2-параграфындагы турмуш-тиричилик подрядынын келишими боюнча буюртмачынын укуктары жөнүндөгү эрежелер колдонулат.

---

Мурунку берене: [661-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-661)  
Кийинки берене: [663-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-663)
