# 659-статья. Аткарылган иштен кемчиликтерди табуунун натыйжасы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-659>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-659.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 659-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-659

---

1. Иштин натыйжасын кабыл алуу учурунда же аны пайдалануу учурунда кемчиликтерин тапканда буюртмачы ушул Кодекстин 645-статьясында каралган жалпы мөөнөттүн ичинде, ал эми гарантия мөөнөтү бар болгон учурда өз каалоосу боюнча ушул мөөнөттөрдүн ичинде ушул Кодекстин 644-статьясында каралган укуктардын бирин жүзөгө ашыра алат же ишти акысыз кайталап аткарууну же кемчиликтерди өзү же үчүнчү жактар жумшаган чыгымдардын ордун толтурууну талап кыла алат.

2. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте кыйла узак мөөнөт (кызмат кылуу мөөнөтү) каралбаса, турмуш-тиричилик подрядынын келишими боюнча аткарылган иштин натыйжасынын буюртмачынын өзүнүн жана башка жактардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтириши мүмкүн болгон мындай кемчиликтерин акысыз жоюу жөнүндө талапты буюртмачы же анын укугун мурастоочу иштин натыйжасы кабыл алынган учурдан тартып он жылдын ичинде коюшу мүмкүн. Мындай талап ушундай кемчиликтер качан табылгандыгына карабастан, анын ичинде алар гарантия мөөнөтү аяктагандан кийин да коюлушу мүмкүн.

3. Подрядчы ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаган учурда буюртмачы кемчиликтерди өз күчү менен же үчүнчү жактардын жардамы менен жоюуга байланыштуу тарткан чыгымдарынын ордун толтурууну буюртмачы ошол эле мөөнөттө талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [658-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-658)  
Кийинки берене: [660-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-660)
