# 654-статья. Сунуш кылынуучу иш жөнүндө маалыматты буюртмачыга берүү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-654>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-654.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 654-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-654

---

1. Подрядчы турмуш-тиричилик подрядынын келишимин түзгөнгө чейин сунуш кылынуучу иш, анын түрлөрү жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө, баасы жана акы төлөө формасы жөнүндө зарыл жана ишенимдүү маалыматты буюртмачыга берүүгө, ошондой эле буюртмачынын өтүнүчү боюнча ага келишимге тиешелүү жана ишке ылайыктуу башка маалыматтарды билдирүүгө милдеттүү. Эгерде иштин мүнөзү боюнча мунун мааниси болбосо, подрядчы аны аткара турган конкреттүү жакты буюртмачыга көрсөтүүгө тийиш.

2. Подрядчыдан алган маалымат толук эместигинен жана ишенимсиздигинен улам буюртмачы ойлогондой касиетке ээ болбогон ишти аткарууга келишим түзүлүп калса, буюртмачы түзүлгөн турмуш-тиричилик подрядынын келишимин бузууну, ошондой эле зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [653-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-653)  
Кийинки берене: [655-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-655)
