# 653-статья. Буюртмачынын укуктарынын гарантиясы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-653>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-653.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 653-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-653

---

1. Подрядчы турмуш-тиричилик подрядынын келишимине кошумча иштерди же кызмат көрсөтүүлөрдү кошууну буюртмачыга таңуулоого укуксуз. Буюртмачы келишимде каралбаган иштер менен кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөдөн баш тартууга укуктуу.

2. Буюртмачы келишимди аткаруудан баш тартуу жөнүндө билдирилгенге чейин аткарылган иштин бөлүгүнө пропорциялуу белгиленген баанын бир бөлүгүн подрядчыга төлөп жана, эгерде келишимди аткаруу максатында ушул учурга чейин жумшалган чыгымдар иштин баасынын көрсөтүлгөн бөлүгүнө кирбесе, алардын ордун подрядчыга толтуруп бергенден кийин буюртмачы иш өзүнө тапшырылганга чейин каалаган учурда турмуш-тиричилик подрядынын келишимин аткаруудан баш тартууга укуктуу. Келишимдин буюртмачыны ушул укуктан ажыраткан шарттары жокко эсе.

---

Мурунку берене: [652-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-652)  
Кийинки берене: [654-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-654)
