# 651-статья. Турмуш-тиричилик подрядынын келишими

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-651>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-651.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 651-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-651

---

1. Турмуш-тиричилик подрядынын келишими боюнча тиешелүү ишкерликти жүзөгө ашырып жаткан подрядчы граждандын (буюртмачынын) тапшырмасы боюнча буюртмачынын турмуш-тиричилик же башка жеке муктаждыктарын канааттандырууга арналган айрым ишти аткарууга, ал эми буюртмачы ишти кабыл алууга жана акы төлөөгө милдеттенет.

2. Турмуш-тиричилик подрядынын келишими ачык келишим (386-статья) болуп саналат.

3. Ушул Кодекс менен жөнгө салынбаган турмуш-тиричилик подрядынын келишими боюнча мамилелерге карата керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдар жана аларга ылайык кабыл алынган башка укуктук ченемдик актылар колдонулат.

---

Мурунку берене: [650-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-650)  
Кийинки берене: [652-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-652)
