# 644-статья. Иштин ойдогудай эмес сапаты үчүн подрядчынын жоопкерчилиги

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-644>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-644.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 644-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-644

---

1. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, подрядчы ишти подряд келишиминен иштин натыйжасын начарлатуучу четтөөлөр менен же аны келишимде каралгандай пайдаланууга жараксыз кылган же келишимде тиешелүү шарттар жок болгондо демейкидей пайдаланууга жараксыз кылган башка кемчиликтер менен аткарылган учурда, буюртмачы өз каалоосу боюнча подрядчыдан төмөнкүнү талап кылууга укуктуу:

кемчиликтерди акылга сыярлык мөөнөттө акысыз жоюуну; иш үчүн белгиленген бааны тиешелүү өлчөмдө азайтууну; кемчиликтерди четтетүүгө буюртмачынын укугу подряд келишиминде каралган учурда (362-статья) аларды жоюуга өз чыгымдарынын ордун толтурууну.

2. Подрядчы өзү жооп бере турган кемчиликтерди жоюунун ордуна ишти аткаруу мөөнөтү өтүп кетиши менен буюртмачыга келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен ишти кайра баштан акысыз аткарууга укуктуу. Мындай учурда эгерде буюртмачы мурда ага берилген иштин натыйжасын подрядчыга кайра кайтарышы иштин мүнөзү боюнча мүмкүн болсо, буюртмачы аны кайра кайтарууга милдеттүү.

3. Эгерде иште подряд келишиминин шарттарынан четтөөлөр же иштин натыйжасынын башкача кемчиликтери буюртмачы белгилеген акылга сыярлык мөөнөттө жоюлбаса же олуттуу жана жоюлбай турган кемчилик болуп саналса, буюртмачы келишимден баш тартууга жана келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

4. Ишти аткаруу үчүн материал берген подрядчы анын сапаты үчүн сатуучунун ойдогудай эмес сапаттагы товарлар үчүн жоопкерчилиги жөнүндө эрежелер боюнча жооп берет.

---

Мурунку берене: [643-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-643)  
Кийинки берене: [645-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-645)
